Милдеттүү камсыздандыруу
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)МИЛДЕТТҮҮ КАМСЫЗДАНДЫРУУ – бул же тигил бул объекттерди камсыздандыруу менен коргоо айрым бир гана камсыздануучулардын кызыкчылыктары менен эмес, ошондой эле бүткүл коомчулук менен байланышкан мамлекеттик камсыздыандыруунун түрү. Милдеттүү камсыздандыруу: камсыздандырууга жаткан объектердин тизмеси; камсыздандыруу жоопкерчилигинин өлчөмү; камсыздандырууга катышып жаткан тараптардын негизги укуктары жана милдеттери, камсыздандырууну камсыз кылуунун деңгээли (ченемдери); камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтерин аныктоонун тартиптери жана башка айрым маселелер каралган тийиштүү мыйзам актыларынын негизинде жүргүзүлөт.